Молдомуса Конгантиевдин сотсуз акталганы боюнча Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирсин деп Азимбек Бекназаров айтып чыкты. SUPER.KG порталынын сиз буга кошуласызбы? деген соболуна КСДП жооп берди.
КСДПдан билдиришкендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев бардык 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялар боюнча айыпталгандарга бирдиктүү мамиле жасоо принциптерин дайыма жактап келген. "Бирок тергөөчүнүн Конгантиевди актоо тууралуу чечими бул принциптерди бузат. Башка айыпталуучулар сот алдында жооп беришкен, ошондуктан Конгантиев боюнча да соттун чечими болсо, логикага туура келмек", - дешти партиядан.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясий серепчи Игорь Шестаков, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.