16-июлда төрөлгөн бөйөндөр уялчаак, ошол эле учурда мамилечил болушат. Бул күнү төрөлгөн адамдар сылыктыгы менен адамдарды өзүнө тартып турат. Кээде туюу сезимине таянса, көпчүлүк учурда ички дабышына, маселени акылына таянуу менен чечет.
Өзгөчө акыл кампасын кеңейтип, билимдүү болууга умтулат. Бирок анча-мынча жаңжал салып, сабырсыз келишет. Айрым учурларда гана өздөрүн кармап, сабырдуу болгонго аракет кылат.
Бул күнү төрөлгөн адамдар дайыма жакындарын кандай кырдаал болбосун ар дайым коргоп, аларга колунан келген жардамын берип турат. Булардан ушунчалык камкор, мээримдүү, мыкты коргоочу чыгат десек жаңылышпайбыз.