Өкмөт: "Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча Бишкек шаардык кеңештин чечими өкмөткө түшө элек"

Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча Бишкек шаардык кеңештин чечими өкмөткө түшө элек. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Албек Ибраимов 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыккан. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Шаардык кеңештин төрагасы билдиргендей, депутаттар чечимди премьер-министрге жөнөтөт. Өкмөт башчы 3 иш күндүн ичинде шаардык кеңеш жөнөткөн токтомду карап чыгышы керек. Эгерде мэрге ишеним көрсөтпөө чечимин колдосо, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүн белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан