Гиря көтөрүү боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык мелдеште орусиялык спортчулар артыкчылык көрсөтүшүүдө
27-июнда Коргоо министрлигинин “Тамга” аскер санаторийинде (Жети-Өгүз районунун Тамга айылында) КМШга мүчө мамлекеттердин достук армиясынын гиря көтөрүү спорту боюнча эл аралык мелдеши уланууда. Мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Украинанын аскер кызматындагы спортчулары катышууда. Күндүн биринчи жарымында 4 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталып, жалпысынан орусиялык спортчулар артыкчылык жаратышууда. Гиряны силкип көтөрүү жана түртүп көтөрүү ыкмаларында орусиялык спортчулар Игорь Сапаркин (63 килограмм салмакта), Евгений Яковлев (68 килограмм салмакта) жана Мащенко Олег (73 килограмм салмакта) өз салмактарында биринчи орунду багындырышты. Гиря көтөрүү боюнча Кыргызстан курама командасына жалгыз жана азырынча биринчи алтын медалды 78 килограмм салмакта Руслан Тагиров алып келди. Эске салсак, мелдеш жалпысынан 7 салмактык категорияда өткөрүлөт. Калган 3 салмак боюнча чемпиондор жакын арада аныкталат.