28-июль күнү төрөлгөн адамдар абдан энергиялуу болушат. Алар өзүнө ишенгендиктен ар дайым алдыга койгон максатына жетип, жашоосунда ар бир ишке бардык энергиясын жумшап чечкиндүүлүк менен кабыл алат. Бул күнү адамдарда жоопкерчилик сапат дагы абдан өнүккөн. Булар ар бир жасаган жумушунда тоскоолдуктар жаралбашы үчүн жоопкерчилик, акылдуулук менен ар бирин кылдат карап чечим чыгарышат.
Бул күнү жарыкка келген адамдар ачык-айрым, шайыр, мамилечил болгондуктан адамдарды өзүнө тартып турушат. Булар жеке мамиледе талапчыл болгондуктан өнөктөшүнөн күчтүү сүйүүнү, мээримди күтөт, ошону менен бирге өзү да жоомарттык менен сүйүү тартуулайт.
Булар табиятынан лидерлик сапатка ээ болгондуктан, бул күнү төрөлгөндөрдөн лидерлик сапат чанда гана адамдардан кездешпейт. Алардан эң мыкты башкаруучу чыгат. Бирок булардын ишине кежирлиги зыянын тийгизип коюшу ыктымал.