Бишкекте автоунаа уурдап качканга шектелип Ак-Босого жаңы конушунун тургуну камакка алынды

Бишкек шаарындагы Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан оңдоочу жайдагы унааны уурдап кеткенге шектүү жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 19-ноябрда Бишкек шаарынын тургуну Азим Медетбеков укук коргоо органдарына Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы жоголуп кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Издөө иштеринен кийин уурулукка шектелип, Ак-Босого жаңы конушунун 1986-жылы туулган жашоочусу Тимур Перманов кармалып, Бишкек шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан