Жөө күлүк Дарья Маслова Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында экинчи медалга ээ болду. Буга чейин ал 10 миң метр аралыкта биринчи келип алтын медаль уткан кезде өзбек журналисти социалдык тармактарга кыргыз спортчусу алтын медаль тагынганына карабай, желеги жок томсоруп калганын жазып чыккан. Бул окуя коомдук талкууга алынып, спорт агенттиги сынга алынган эле.
Буга байланыштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев бул маалыматтарды төгүндөп:
"Кыргыз журналисттери биздин спортчулардын ийгилигине кубанбай, кайдагы өзбек журналистинин ичи күйүп жазган ушагынын артынан түшүп алганы менин зээнимди кейитти. Масловага медаль тапшыруу учурунда Кыргыз делегациясы болгон эмес деген маалымат жалган. Чынында биздин делегаттар алыс болуп калгандыктан, желек кеч берилип калды.
Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы бардык рекордду басып өтүп, 16 медаль алып отурабыз. Биз ушуга кубанышыбыз керек", - деген пикирин билдирген.
Бул ирет Маслова марага келери менен кыргыз делегациясы желек менен тосуп алышып, жөө күлүк экинчи ийгилигин желекти жамынып майрамдады.