Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата 15-сентябрда Кыргыз жериндеги коомдук пайдалануудагы жерлер, жаратылыш парктары, көлмөлөр, токойлорду таштандылардан тазалоо боюнча акция өтөт. Бардык облустардан миңдеген жарандар ишембиликке чыгышат жана айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошушат.
"Дүйнөнү тазарталы!" деген ураан менен миңдеген Кыргыз жарандары өлкөнү таштандылардан тазалайт. Акция дүйнөдөгү 150 өлкөдө ишке ашырылат. Кыргыз жериндеги иш-чаранын расмий өнөктөшү катары "Эко Деми" Коомдук фонду чыгууда. Кампанияны Кыргыз Республикасынын президентинин аппараты, өкмөтүнүн аппараты, коомдук уюмдар жана бизнес өкүлдөрү колдоого алышты. Акциянын катышуучулары жана өнөктөштөрү төмөнкү уюмдар: Enactus, ФРМИ, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду, ошондой эле Prego Club, Talisman Village, Club hotel Dostuk, "Шарбон" АК, St. art Ltd, Beeline, Papa Johns, Horeca Club.
"Дүйнөлүк тазалык күнү" акциясы өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экологиялык абалга көңүлдү бурат. Айлана-чөйрөнүн булгануусуна байланыштуу көйгөй миллиондогон адамдардын өмүрүн алууда жана демилгечилер жарандарды акцияга гана кошулбастан, ошондой эле коомдук жерлерде тазалыкты дайыма сактоо жөнүндө ойлонууга, ресурстарды жөндүү пайдаланууга жана таштандыларды туура иштетүүгө чакырат.
"Биз, тазалоочу адамдар, бул кызматтарды пайдалануучу адамдар деп бөлүнгөндү токтотуп, өз көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек, анткени биз бардыгыбыз бир өлкөдө, бир планетада жашайбыз жана ар бирибиз ал үчүн жооптуубуз. Биз бирге таза өлкөдө жашоо үчүн өз салымыбызды кошолу. Бул ар бирибиздин колубузда", - деди акциянын демилгечиси жана "Эко Деми" Коомдук фондунун төрайымы Айжан Чыныбаева.
Демилгечилер бардык жарандарды Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 15-сентябрда өтүүчү ишембиликке катышууга чакырат.
Иш-чараларга катышуу үчүн социалдык медиадагы топторго кошулсаңыздар болот (@PFecodemi) жана Whatsapp`тагы топторго (№3 тиркемедеги), ошондой эле акциянын координаторлору менен байланышсаңыз болот: Дмитрий Андреев +996 (555) 906 556, Данияр +996 (553) 5 32526 Чыңгыз +996 (500) 01 50 50.
Урматтуу кыргыз эли!
Сиздерди "Дүйнөлүк тазалык күнү" глобалдык экологиялык жарандык акциянын алкагындагы ишембиликти уюштурууга катышууга чакырабыз. Эгерде сиз активисттердин тобуна кошулууну чечсеңиз, төмөнкү көрсөтмөнү караңыз:
Биздин биргелешкен иш-аракетибиз бизди таза өлкөгө алып келет деп үмүт кылабыз. Эгерде сизде суроолор пайда болсо, жогоруда көрсөтүлгөн whatsapp топтордо жооп берүүгө даярбыз.