Астротөлгө: 17-сентябрь күнү төрөлгөндөр кечиримдүү болушабы?

17-сентябрь күнү төрөлгөндөр талантын жана тажрыйбасын чебер колдоно билишет. Ар дайым максатка карай умтулуп, айтканынан оңой менен кайтпайт. Өзгөчө ой жүгүртүүсү, идеялары менен ачык, так бөлүшүүсү ийгиликке алып келет.

Жөнөкөй бирок курч интуициясы башкаларды сунушуна көндүрүп, практика жүзүндө сөзүнө иши төп келерине ишендире алат.

Бул күнү төрөлгөндөр чыгармачыл адамдар болушат. Көпчүлүк ушул күнү төрөлгөндөр бир багытта туруктуулугу жана бай жетишкендиктери менен менен белгилүү боло алышат.

Таң калычтуусу, ар дайым үй-бүлөгө да, карьерага да көңүл бөлүп, кыйынчылыктарда жакындарынын жана кесиптештеринин колдоосуна таянат.

Алар өздөрүнүн мындай жетишкендиктерин жана жашоодогу ийгиликтерин бир гана сапаты менен түшүндүрүп келишет. Кечиримдүүлүк, алардын айтымында, бардык жабык эшиктерге жол ачат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан