КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов көпчүлүк коалиция өкмөттүн отставкасы тууралуу маселени кароосу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында айтып чыкты.
"Бардык тармакта өсүү минус көрсөткүчү менен кетип баратат, мына, бизге жыл жыйынтыгы келди десек болот. Ушундай көрсөткүч менен иштеген өкмөттүн маселесин кароо үчүн коалициялык көпчүлүк чогулушубуз керек. Биз өкмөттү бекиткен соң элге жооп беребиз, эртең уят болуп калбайлы. Бул өкмөттүн өз эрки менен отставкага кетүүгө эрки жетпейт. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы бул маселени карашыбыз керек", - деди Мадеминов.