Мини-футбол боюнча кыргызстандык "Дордой" казакстандык "Аятка" ири эсепте жеңилүүгө аргасыз болду
Мини-футбол боюнча Казакстандын Ачык чемпиондугуна катышып жаткан ата мекендик "Дордой" командасы кечээ Рудный шаарында "Аятка" каршы беттеш өткөрдү. Чемпиондукта 3-орунда бараткан үй ээлери 7:2 эсебинде жеңишке жетишишти. Бүгүн аталган 2 команда Рудныйда кайра күч сынашат. Оюн Бишкек убактысы менен 18:30да башталат.