Астротөлгө: 3-октябрь күнү төрөлгөн адамдардын мүнөзү кандай болот?

3-октябрь күнү шайыр мүнөз, оптимист, жылдыздуу адамдар төрөлөт. Мындай адамдар маанайыңызды көтөрүп, энергия берип турат. Башкалар менен сүйлөшүүдө туура жана таамай сөз айтуу менен сыйга татыйт.

Ушул күнү жарыкка келгендер үчүн айланасындагылардын көңүл бөлгөнү чоң мааниге ээ. Канчалык көп көрүүчү, угуучу анын оюн укса, аларга эргүү келет. Акылы курч, тамашакөй болгондуктан ачуусуна тийген адамды сөз менен эле тарбиялап коёт. Мындан улам буга чейинки болгон мамиле үзүлүп калышы толук мүмкүн. Бирок чындыкты таамай айтканы алардын чынчыл экенин далилдей алат. Ошондой эле булар достукка бекем адамдар болушат. Кандай учур болбосун досторуна колунан келген жардамын берүүгө умтулушат.

3 санынын алдында төрөлгөндөр эмгекчил болушат. Алар көп кыймыл жасоо - жаштыктын эликсири деп түшүнөт. Ошондуктан жашы улгайып калса да жумуш жасап, өз мээнети менен жашоого тырышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан