7-октябрда төрөлгөндөр акылы курч, интеллигент, жагымдуу келип, жашоого философиялык көз карашта болушат. Тагдыр өз жолу менен, ал эми тандоо жасоо ар бир адамдын өз колунда деген пикирди карманышат.
Бул күнү төрөлгөндөр интеллектуалдык жана чыгармачылык талантын искусство, журналистика, илим, укук коргоо жана саясат чөйрөсүнө багыттаса өз жемишин берет.
Алар өздөрүнүн коомдук нормага каршы келген көз карашынын тууралыгынан шек санабайт. Креативдүү идеяларды жаратуу менен заманынын жаңычыл адамы катары таанылышат.
Аталган күнү жарыкка келгендер чыныгы сүйүктүүсүн тапса үй-бүлө курат, эгер махабатына жолукпаса өмүрүн кайсы бир тармакка арноо менен өтүшөт.