“Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга 5-июлда кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-майда кабыл алган. Ал 2008-жылдын 7-майындагы № 78 “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамдын текстиндеги редакциялык мүчүлүштүктү четтеткен колдонуудагы мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө толуктоо киргизет. Түзөтүү ар кандай түшүнүп калууну жокко чыгарат жана депозиттерди коргоо тутумунда милдеттүү катышуу үчүн жаңы түзүлүп жаткан коммерциялык банктардын биринчи календардык взносун эсептөө формуласын тактайт. 29-берененин 3-бөлүгүнө киргизилген толуктоо маанилерди жылдык 0,2 % өлчөмүндөгү пайыздык ченге көбөйтүүнү айта кетүү менен Депозиттерди коргоо фондуна биринчи календардык взносту эсептөө формуласын кыйла адекваттуу жана адилет түргө келтирет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан