Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылынын тургуну өзүн "смотрящий" катары тааныштырып жүргөндүктөн, аны УКМК кармады.
Атайын кызматтын маалымат бөлүмү 20-июлда YouTube'га мониторинг жүргүзүп жатып, каналдардын биринде уюшкан кылмыштуу топтун идеяларын тараткан белгисиз адам тартылган видео тасма табылды.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинини 2-пункту (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишини козголуп, 1991-жылы туулган С.у.К. аттуу жаран кармалды. Анын учурда жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип, мурда-кийин соттолбогону жана ИИМ каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында катталбагандыгы аныкталды.
Тергөө улануууда.