Компания бир катар билим берүү долбоорлорун каржылоодо

Алтын өндүрүүчү “Кумтөр Голд Компани” ай сайын Кыргыздын мамлекеттик бюджетин милдеттүү төлөмдөрү менен толтуруп келет. Мындан сырткары компания ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттарынын бири - аймактарда билим берүү тармагын колдоо.

СССР тарагандан кийинки жетилип келе жаткан муундун чыгармачылыгына жана өркүндөтүү муктаждыгына көңүл бурулбай калып, көпчүлүк балдардын сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүгү кыскарганы белгилүү. Бул маселе өзгөчө алыскы аймактарда көйгөй жаратууда. Мамлекет азырынча аймактардагы мугалимдерге татыктуу эмгек акы берип, мектептерди оңдоп-түзөп, толук камсыз кыла албай жатат. Окуу куралдарынын жаңыланышына жетиштүү деңгээлде акча бөлүнбөйт. Кыргыз жериндеги билим берүү системи азыркыга чейин кризистен кыйынчылыктар менен чыгуу амалында.

"Кумтөр" ишканасы көп жылдан бери Ысык-Көл облусунун калкын колдоо максатында социалдык долбоорлорду каржылап келет. Бул жаатта балдарга билим берүү долбоорлору өзгөчө орунда. Ушул жайда Барскоон айылында алтын кен ишкананын колдоосу менен балдар борбору ачылды. Эми бөбөктөр каалаган маалда шахмат, менталдык арифметика жана тогуз коргоол боюнча ийримдерге келип катышууда.

Билим берүү борбору "Кумдөрдүн" мурдагы турак-жай лагеринин бир блогунда жайгашкан. Аны тоодон компания кайтарымсыз белек катары түшүрүп берип, эмерек, жабдуу, окуу куралдары жана интеллектуалдык оюндарга керек нерселердин баарын алууга каражат бөлдү. Оңдоп-түзөөдө жергиликтүү бийлик жардам берди. Ага каражат айыл башкармалыгынан бөлүнгөн. Жергиликтүү калктын көйгөйлөрү мына ушундай өнөктөштүк аркылуу чечилет.

Балдарга билим берүү программаларын колдоонун дагы бир мисалы, жайкысын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда иштеп баштаган "Жайлоодогу балдарды өнүктүрүүчү мобилдик борборлору". Долбоор "Кумтөр Голд Компани" менен "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун кызматташуусу менен ишке ашырылат. "Кумтөр" бул коомдук уюм менен негизделгенден бери иштешип келе жатат жана аймакта малчылардын балдарына билим берүү үчүн бир нече борборлор уюштурулган.

Программа алыскы аймактарда жашаган, ата-энелери мал багуу менен алек болгон жана жай мезгилинде тоодо жүргөн балдарга билимди жеткиликтүү кылууга багытталган. Жылына ушундай борборлордун саны көбөйүп, ал жерге балдар гана эмес, мектеп окуучулары да бара алгандай шарттар түзүлдү.

Борборлорго балдар үчүн атайын окуу куралдары, чыгармачылык үчүн кеңсе буюмдары, бош убакытты кызыктуу өткөрүү үчүн оюнчуктар жана башка керектүү нерселердин баары камсыздалган. Устаттар менталдык арифметика ыкмаларын, туура сүйлөө, эсептөө боюнча бир нече сааттан сабак өтүшөт.

Ушул жылы эле "Кумтөр Голд Компани" борборлорду жарыктандыруу үчүн 200 миң сом бөлдү. Ишкананын кызматкерлери балдар үчүн түрдүү иш-чараларды уюштуруп, жайлоолорго барып турушат. Ошентип балдар бул окуу менен алек болушту. Эң негизгиси, теңтуштары менен катар эле мектепке даярдана алышты.

Кошумчалай кетсек, "Кумтөрдүн" колдоосу менен "Ысык-Көл облусундагы билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу" программасы да ишке ашырылууда. Бул жылы Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы, Балыкчы шаарынын атайын орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине атайын ийримдер уюштурулду. Тренингдерде мугалимдер өздөрү үчүн кызыктуу нерселерди ала алышты. Аларга мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайга кантип мыкты даярдоо боюнча лекциялар окулду.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
idin
2018-10-17 10:59:57
долбоорлордун онугусуно жакшы жардам берет
-1
Patriot7777777
2018-10-17 20:10:34
Центерра миллиарддарды олкодон чыгарып кетип жатат. Анан 3-5 миллион долларды ар кандай долбоорлорго берип, атайын Арзыматтарына буйрук берсе эле, Центерраны ай-кунго тенеп жаза беришет...

Биринчиден ошол долбоорлорго болунгон акчалардын уурдалып келгени боюнча коп эле айтылып келет.

0
Patriot7777777
2018-10-17 20:12:55
Экинчиден Центерранын бул долбоорлорун кое туруп, анын жылдык киреше чыгаша отчетун детально жарыяласанар жакшы болмок. Дагы да болсо чыгашаларды шишируу учун 7000$ дамский сумкалар алынып жатты бекен?! Центерранын максаты кирешенеи минималдуу, чыгашаларжы маасималдуу корсотуу, Окмотко аз салык толоо учун жана аз дивидент беруу учун.....

Коррупциянын чордону Центеррада, анын айынан бир канча Окмот башчылары да креслолорунан кол жуушкан. Эми бир тараптуу мактаганынарга жол болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан