Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 16-октябрь күнү кечинде кызматынан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу армениялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул кадамга Пашинян жакында парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн өлкөнүн Улуттук жыйынын таратуу зарылдыгынан улам барган.
"Беш айлык ишимди жыйынтыктап жатып элге колдоосу үчүн чексиз ыраазычылыгымды билдирем. Эгерде кимдир бирөөнүн ишенимин актай албасам кечирим сурайм. Парламенттик шайлоону өткөрүп алсак, анда революция максатына жетет", - деп билдирген Пашинян.
Ошондой эле ал убактылуу өкмөт башчысынын милдетин аткарып турарын билдирген.
Маалыматта жазылгандай, Улуттук жыйын премьер-министрдин отставкасынан кийин 15 күндүн ичинде эки ирет өкмөт башчысын шайлай албаса, парламент тарайт. Андан соң кезексиз парламенттик шайлоо дайындалат. Парламент таратылгандан 30 күндөн эрте, 45 күндөн кеч эмес убакытта кайра шайлоо өтүшү керек.
Буга чейин Пашинян парламенттик шайлоо 2018-жылдын 9-10-декабрында боло турганын айткан.
Эскерте кетсек, апрель айында он миңдеген армениялыктар көчөгө чыгып Серж Саргсянды кызматтан кетирген. Нааразычылыкка Саргсяндын убадасынан тайып, президенттик мөөнөтү аяктагандан бир жума өтпөй өкмөт башчылыкка келгени негиз болгон.