Кыргыз кызы тууралуу тартылган "Айка" тасмасы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгени багындырды

Орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун кыргыз кызы тууралуу тарткан "Айка" тасмасы Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, фестиваль Германиянын Котбус шаарында өтүп, баш байге үчүн 40 мамлекеттен 190 тасма ат салышкан. Фестивалдын жыйынтыгында кыргыз кызы тууралуу тартылган тасма баш байгени жана калыстардын атайын белегине ээ болгон.

Тасманын режиссёру Сергей Дворцевой: "Мен режиссёрлук кылган тасмалар эл аралык сынактарга катышып келет. Катышуунун өзү чоң белек болуп эсептелет. Эгерде байгеге ээ болсоң анда көрөрмандар сенин эмгегиңди баалап жатканына ынанасың. "Айка" тасмасындагы кыргыз кыздын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жараткан. Мен анын мыкты деңгээлде образды ачып берерине ишенгем. Анткени Самал чыныгы талант", - деген.

Белгилей кетсек, кыргыз кызы тууралуу тартылган тасма 71-ирет өткөрүлгөн Канн кинофестивалына катышып, "Алтын бутак" сыйлыгы үчүн ат салышкан. Анда башкы каармандын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жаратып, "Мыкты актриса" наамына татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
engel
2018-11-12 13:12:24
Кино эмне жонундо экен жазып койбойт беленер?
0
aibars
2018-11-12 14:02:03
engel, Орусияга барып кыйынчылыкка кабылган Кыргыз кызы жонундо. Ачуу чындык ошол Айкадай болуп кыйынчылыкта жургон чыканактай кыздарыбыз журот.
0
engel
2018-11-12 18:04:26
aibars, рахмат ;)
0
Mamiev
2018-11-12 16:27:09
Ушул кинону тартууга тыюу салып же болбосо көрсөтүүгө тыюу салганга Кыргыз бийлигинин духу жетпейт да бир байкуш элбиз. Кыргыз кыздарын дүйнөгө таанытып жатат чет жака чыгып кыйналып төрөп таштап жүрүшөт дегендей эле да. Же болбосо Кыргыздар да кино тарткыла казак орус кыздары жөнүндө. Бат эле тыйып койот орус казактар
-1
landysh
2018-11-12 17:31:17
Кур намыстын эмне кереги бар кыздар тентигени чындык андай болсо КРны ондоп кыздарды жакшы карабайсынарбы кетирбей эркектер тилинер менен эле орок орбой. Керек болсо коп эркектер ушундай кыздардын акчасы менен жашап журушот уялбай. Рахмат айткыла кыздарынарга багып аткан.Кыргыздын кыздары эн кучтуу
мен данк демекмин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан