Текебаевдин иши каралган соттук отурумга катышкан мамлекеттик жактоочунун лицензиясы токтотулду

Тектеш кабарлар: Текебаевдин соттук иши (218 материал)

Өмүрбек Текебаевге мамлекеттин атынан дайындалган жактоочу Элмира Чоноеванын лицензиясы эки жылга токтотулду. Маалыматты Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова тастыктады.

Анын айтымында, Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы Чоноеванын үстүнөн жазылган кайрылууну кечээ караган.

"Жактоочу Элмира Чоноева соттук отурумга мыйзам бузуулар менен кирген. Өмүрбек Чиркешович баш тартса дагы катышкан. Мындан улам биз Адвокатуранын этика боюнча комиссиясына кайрылганбыз. Биринчи жолу сөгүш берилген эле. Ага макул болбой Адвокатура кеңешине кайрылдык. Ал жакта мурунку "сөгүш берилсин" деген чечим жокко чыгарылды. Кечээ Этика боюнча комиссия эки жылга токтотулсун деген чечим чыкты. Чоноева соттук отурумга мыйзам бузуулар менен, кардардын эркине каршы катышкан, ордерди жеке жактоочу катары берген, формалдуу жактоочу катары кирип, материалдар менен таанышкан эмес. Мында соттордун каалоосу менен отуруп алган. Бул жактоочунун биринчи принциби кардардын кызыкчылыгын коргоого ылайык келбейт", - деди Токтакунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан