Украинанын президенти Пётр Порошенко НАТОдон өлкөсүн коргоого жардам иретинде Азов деңизине аскердик кемелерди жөнөтүүнү суранган. Бирок Европа лидерлери жана НАТО Порошенконун сурануусуна анча көңүл бурган эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анда жазылгандай, 25-ноябрда украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп кирип, Кара деңизде кармалган. Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин кармап кеткен.
НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску биримдиктин Кара деңизде жетиштүү өлчөмдө аскерлери бар экенин жана Азов деңизине аскер кемелери жөнөтүлбөй турганын маалымдаган.