UFC чемпиону Валентина Шевченконун ыраазычылык билдирген видеосун анын эжеси Антонина интернетке жүктөгөн. Анда Шевченко беттеште, беттешке чейин аны колдоп келген күйөрмандарына ыраазычылыгын айткан. Мушкер видеодо төрт тилде - англис, испан, орус жана кыргыз тилинде сүйлөгөн.
Мындай кайрылуусунда UFC чемпионунун "Чоң рахмат, Кыргыз өлкөсү, алга!" деген билдирүүсүн угууга болот.
Бүгүн, 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко UFC'нин чемпиондук курун тагынды. Чемпиондук кур үчүн беттеште ал Йоанна Енжейчик менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Валентина Шевченко таамай соккулары менен атаандашынын айласын кетирип жатты. 5 раунддук беттештин ар бир бөлүгүндө Шевченко мыктыраак болуп, натыйжада калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти.