Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандарга жолукту

Кечээ, 23-июнда министр Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында “Асма Строй” курулуш компаниясы куруп жаткан “Достук” турак жай комплексинин жана Чымкент көчөсү 28 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн сатып алуучуларына жолукту.

Жарандар курулуп жаткан объекттер өз убагында бүтпөй жабыр тартып жатышканын билдиришти. Министр Нурдан Орунтаев курулуш объекттерин кыдырып көрүп чыкты.

Тиешелүү башкармалыктарга тапшырмаларды берип, курулуштун жүрүшүн тездетүү үчүн чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан