Ысык-Көл облусунда жаш ишкерлердин саны көбөйүп жатат

Борбордук Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) “Кумтөр Голд Компанинин” каржылык колдоосу менен “Жаштар ишкерлиги” долбоорун ишке ашырууну улантып жатат. 2015-жылдан бери ондогон жаштар жеке ишин баштап, өз мекендештерин жумуш менен камсыз кылышты. Бул долбоор жаштардын потенциалын жогорулатуу менен алардын бизнес идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Долбоордун биринчи фазасында БАЕФ менен “Кумтөр Голд Компанинин” колдоосунда 18 жаш тургун Кыргыз мамлекетиндеги белгилүү ишкерлер, тажрыйбалуу консультанттардан сабак алып, бизнес-пландоо, рынокту изилдөө, баалардын түзүлүшү, товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана өнүктүрүүнү өздөштүрүштү. Устаттардын жардамы менен алар бизнес пландарын иштеп чыгышты. Жаштар “Кумтөр Голд Компаниден” 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө грант алып, ийгиликтүү иш алып барышууда.

2018-жылдын апрель айында долбоордун экинчи фазасы башталды. Ысык-Көл облусунда жаштарды бизнес пландоого үйрөтүүчү 3 окутуу борбору ачылды. Бул аралыкта 60тан ашуун адам окуудан өттү.

Окуудан өткөндөрдүн ичинен мыкты бизнес идеянын ээлери тандалып, алар жеке ишин баштоого грант алышты. Тажрыйбалуу эксперттерден турган калыстар тобу 9 жеңүүчүнү тандашты. Бул жолу жаштар ири мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандыруу, айыл чарбасында үй жаныбарлары үчүн тоютту кумалактоо, эмерек жасоо үчүн темирди согуу, унааларды техникалык жактан тейлөөчү станцияны ачуу өңдүү түрдүү идеяларды алып чыгышты.

24 жаштагы Эрлан Талантбеков университетти аяктап өзү туулуп-өскөн Бөкөнбаев айылына келген. Анын ата-энеси унаа оңдоочу жайды ижарага берип жүрүшкөн. Эрлан үйгө кайтып келгенден кийин ал иш менен өзү алектенүүнү туура көргөн.

"Унаа оңдоочу жайда жабдуулар аз болуп, көп кызматтар көрсөтүлчү эмес. Жабдууларды сатып алууга керектүү акча каражаты менде жок болчу. Мен БАЕФтин долбоору тууралуу угуп, катышууну туура көрдүм. Ийгилик жылмайып, бир гана билим албастан, тийиштүү жабдууларды алууга грант алдым. Азыр биз унаа оңдоочу жайды кеңейтип, оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Жакынкы айылдарда биздикиндей шарттары бар станция жок. Жакыныраагы Балыкчы шаарында бар", - деди Эрлан Талантбеков.

Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну Денис Гайсулин да "Жаштар ишкерлиги" долбооруна катышып өзүнүн бизнесин кеңейте алды. Ал мал жандыктарына тоют даярдоо менен алектенет.

"Биз башкалар менен биргеликте окутуу курстарынан өтүп, бизнес-процесстерди кантип пайдалуу жүргүзүү, киреше алуу, өз кызмат көрсөтүүлөр жана товарларды жакшыртуу тууралуу кызыктуу маалыматтарды алдык. Мен жаңы жабдууларды сатып алып, азыр тоюттардын башка түрлөрүн, канаттууларга жана балыктарга жем даярдап жатабыз. Жумуш көбөйүп калды, келечекте кызматкерлердин да санын өстүрүүнү пландап жатам", - деп белгилейт Денис.

"Жаштар ишкерлиги" долбоорунун артынан Ысык-Көл облусунда жыл сайын жаштар жеке ишкерлик менен алек болушууда. Алар айылдаштарын иш менен камсыз кылууга шарт түзүшөт. Мындан улам жумуш орундарын түзүү, кирешелерди көбөйтүү маселеси гана чечилбестен элеттиктердин иш издеп башка жакка кетүүсү азайып, миграция көйгөйү жөнгө салынууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nur777
2018-12-24 19:33:15
Азаматсынар,озундун жеринде деле иш кылсан болот экенин тастыктап жатасынар.
0
rysik79
2018-12-25 10:18:17
Ширенке чыгарган ишкерлерди да колдоп койгула эми.
+1
balzaminka
2018-12-25 15:47:36
rysik79,каякта ким чыгарып атат маалымат берип койосуздарбы
0
jaazira13
2019-01-21 21:33:03
ушундай долбоорлоду колдоо туура деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан