Бүгүн, 1-февралда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун финалы орун алат. Бул Азия чемпиону наамы үчүн Япония менен Катар курама командалары беттешет.
Оюн Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
28-январда өткөн Азия Кубогунун биринчи жарым финалдык беттешинде, Япония курама командасы 3:0 эсеби менен Иранды утуп алган.
29-январь күнү экинчи жарым финалда БАЭ менен Катар курама командалары кез келип, Катар курамасы 4:0 эсебинде жеңип алган.
Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан.