22-январга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун алкагында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ менен беттешкен. 120 мүнөттүк оюндун жыйынтыгында Кыргыз курамасы 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Беттештен кийин футболчу Фархат Мусабеков менен маек курдук:
- Жеңишке жетүү үчүн эмне жетишпей калды?
- Ийгилик жетпей калды, акыркы мүнөттө соккум дарбазанын таякчасына тийип калды. Негизи оюн жакшы болду. Акыркы мүнөткө чейин күрөштүк. Бирок оюндун аягында ийгилик бизге жылмайбай калды. Биз бул командага каршы даярдыктарды көргөнбүз. Бардык алсыз тараптарын көрдүк. Биринчи таймда өзүбүздүн оюнубузду көрсөтө албай калдык. Атаандашыбыз бир нече чабуулдарды аткарып, өзүнө ишенип алышты. Экинчи таймда жакшы ойноп баштадык. Калыс айрым учурларда туура эмес чечимдерди кабыл алып жатты. Бирок биз аны күнөөлөбөйбүз.
- Биринчи гол киргенде сен бизге киргизген футболчуну карамагыңа алышың керек болчу...
- Мен дарбазанын алыскы бурчуна турушум керек эле. Бирок оюнчу дарбазачыга тоскоолдук көрсөтө баштаганда аны тосушум керек болду. Ал мага караганда чоң экен, ага эч кандай каршылык көрсөтө албай калдым.