БЛОГ: "Матяштын жашын өз көзүм менен көрдүм". Дубайдагы таң калтырган, керемет, келечектүү Кыргыз футболу

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Мына 17-ирет өткөрүлүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында өтүп, анда Кыргыз улуттук курама командасы алгачкы ирет катышууга укук алган. Муну менен катар сиздер үчүн ошол жерден маалымат берүүгө мага Кудай жалгап мүмкүнчүлүк берилди, мен дагы футболчулар менен кошо Араб өлкөсүнө сапар алдым. Кыргыз футболун чын дилден барктай билүү алыста жүргөндө гана сезилерин, алардын Кыргыз үчүн жасаган ар бир кадамын, аракетин, кыйынчылык менен өткөргөн машыгууларын жанынан көргөндө гана аңдап түшүндүм. Анда сөз башынан болсун...

БАЭде мелдештин деми билинбейт

БАЭге баруу үчүн атайын Азия Кубогуна аккредитациядан өтүү керек болду. Буга мелдешке 2-3 ай убакыт калганда атайын документтерди даярдоо керек эле. Жыйынтыгында бардыгы ийгиликтүү болуп, мага декабрдын акыркы күнүндө гана жооп келди. Алга карай айтып өтсөм, эң аз аккредитациядан өткөн журналисттер дал ушул биздин өлкө экенбиз. Өзбекстандан бери дегенде 100, Кытайдын бир эле агенттигинен 50дөн ашык журналист, ал эми бизден болгону 5 гана журналист барды. Арабыздан өтпөй калгандары да болду. Бирок Кыргыз өлкөсүнүн спорт журналисттеринен бешөө гана ири мелдешке барганы өтө эле өкүнүчтүү. Бул кыргыз спорт журналистикасынын азыркы күндөгү жүзү.

Ошентип 5-январда БАЭге барып, Дубай шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаша баштадык. Кыргыз курама командасы тайпалык баскычтагы эки оюнун Аль-Айн шаарында өткөрмөк. Ал Дубайдан 2 саат алыстыкта жайгашкан. БАЭге барганда бул өлкөдө Азия Кубогу өтүп жаткандыгы эч байкалбайт. Эч кандай жарнама, роликтер да көрсөтүлгөн жок. Аны көрүп футболго анчейин кызыга бербеген өлкөбү деген ойго чөмүлөт экенсиң. Көрсө, жарнамалар бир гана беттештер өткөн ар бир шаардагы стадиондордо бар экен.

Азия Кубогунда катышуучулардын саны кеңейтилип, биринчи жолу 24 команда катышып жатышы да себеп болушу мүмкүн. Мени дагы бир өкүндүргөнү жергиликтүү эл Кыргыз өлкөсү дегенди тааныбаганы болду.

Матяштын көз жашын өз көзүм менен көрүп...

Биздин оюн эң алгач Кытай өлкөсү менен болду. Чыныгы мелдештин даамын өлкөбүздүн гимни оюн талаасында жаңырганда гана сезе баштадым. Мына, тааныш жүздөр: Кичин, Мурзаев, Люкс, Бернхардт... Баары бар.
Силер экрандын артында Матяшты көрүп, аны болушунча сөгүп жатсаңар мен аны жанынан, дал ошол стадиондон көрдүм. Оюндан кийинки анын көз жашын көпчүлүк көрө албаса керек, бирок мен аны өз көзүм менен көрүп, оюн учурунда жиним менен сөгүп жаткан жаным уяла түштүм. Алтургай Матяш менен чогуу ыйлагым келди.

Өзүм жазган жаңылыктардын алдындагы комментарийлериңерди окуп жатып, тескерисинче, Матяшка болушуп жаттым. Терс өңүттө жазган комментарийлер кыжырды кайнатты. Чыныгы биримдик ушундайда билинет экен. Мен ошондо бардыгыбыз бир команда экенибизди түшүндүм. Силердин Матяшка айткан жаман сөзүңөр мага да тийип жатканын ошондо сездим. Бардыгыбыз бир кемеде экенбиз. Татаал оюн, мындай ири мелдеште биз алгачкы жолу ойноп жатабыз, анда каталар болбой койбойт да. Өзүн жеп жатып Матяш кийинки оюндарга психологиялык жактан даяр болбой калды.

Кутман келечек бар экендигин көргөздү

Ачыгын айтсам, мелдеш алдында дарбазачылардын чыныгы деңгээлин көп деле билчү эмесмин. Бирок Түштүк Корея менен болгон оюн көп нерсени ачыктады. Кутман деген бою узун жигитти машыгуулар болуп жатканда көргөм, бул баланы тажрыйба топтосун деп алып алышкан, бул туура деп ойлоп койгом. Крестинин бул ойдун баарын бат эле өзгөртүп койду.

Корейлер менен болгон оюн ошол эле Аль-Айн шаарында өттү. Күйөрмандар алгачкы мүнөттөрдөн тарта аягына чейин колдоп жатышты, аларга ыраазычылык. Бул оюндан кийин талааны кайрадан иштеп чыгуу керек болду окшойт. Кичиндин жата калып топту чөптөр менен кошо жулуп кетип жатканын, Жыргалбек уулунун чарчабай эле аттай чуркаганын, Кадырбековдун тосууларын, ушунун баарын толугу менен окурмандарга жеткирип берүү үчүн биз да талыкпай иштеп отурдук.

Эки оюнда эки жеңилүү. Бирок буга эч ким анчейин капа болгон жок. Себеби баарыбыз көрүп жаттык, футболчуларбыз колунан жана бутунан келген бардык аракетин жасап жатышты. Жыйынтык жакында болору сезилип жатты. Эч ким маанайын түшүргөн жок. Чачы өскөн, олдоксон кыймылдары сезилген кыргыз дарбазачысы эмнегедир кыргыз футболунун келечегине ишеним тартуулап жатты.

Люкстун аткаруусундагы хет-триктен кийин мени стадиондон чыгарып сала жаздады

Тайпалык баскычтагы акыркы оюн Дубай шаарында өттү. Кыргыз футболчулары Филиппинге каршы "Рашид" стадионунда кез келди. Бул оюнга катышып, чагылдырып берүү биз үчүн оңойго турган жок. Стадион метронун тушунда болсо дагы, биз, журналисттер стадионго кирүү үчүн 5 чакырымдан ашуун жолду басып өтүүгө аргасыз болдук. Өлкөбүздөгүдөй "дос, өтүп кете берейин" деген сөздөр Дубайда эч кабыл алынган жок. Ошентип 5 чакырым аралыкты басып өтүп алсырап стадионго дагы кирдик. Командалар оюн талаасына чыгып, гимн жаңырып, оюн дагы башталды. Кыргыз курамасы буга чейин 2 жолу жеңилген филиппиндиктер менен беттешип, күйөрмандарга кызуу беттеш тартуулады. Люкстун голдоруна кыйкырып жатып Дубайдагы оюндан кийин тамагым ооруп калды. Люкстун киргизген ар бир голуна сүйүнүп жатып, филиппиндик журналисттердин кыжырына катуу тийип койгонго дагы жетиштик. Алар АФКнын кызматкерине биздин үстүбүздөн арызданышты. Бирок ал кызматкер мекендешибиз экенин алар билген дагы жок. Эгерде АФКнын кызматкери бизди тааныбаган болсо, анда биз стадиондун сыртына чыгарылып калмакпыз.

Күйөрмандар тууралуу айта кетсек, Дубайда колдогон кыргыздар көп экен. Азамат Байматов да келип, күйөрмандар менен кошо сүрөп жатты. Жыйынтык сезилип жатты эле, мынакей хет-трик, мынакей жеңиш!
Люкстун мелдешке чейин Инстаграм баракчасында 1,5 миң колдонуучусу бар эле, оюндан кийин 10 миңден ашып өттү. Бир оюнда Люкс Азиянын жылдызына айланды. Аны чет элдик басылмалар Азиянын секс-символу деп дагы атап алышты.

Дагы кандай жыйынтык керек? Стадион куралы!

Чейрек финалга чыгуу үчүн Абу-Даби шаарына баруу керек болду. Бул оюн кандай жыйынтык менен аяктабасын кыргыз футболунун алга өстүрө турган кадамындай болот эле. Бир эле футболчулардын өжөрлүгү менен кийинки кадамдарга өтө берүү болбой тургандыгын көрө алдык. БАЭ ким, биз ким? Бул стадиондо бир ай мурун эле мадриддик “Реал” ойноп кеткен. Кыргыздар эмне болуп кетиптир? Жарым чейрек финалга чыккан 16 команданы карап көрсөк, тыңыраак стадиону жок өлкө биз экенбиз. Анан оюндун жыйынтыгын бир калыска жүктөп коймой адатыбыз бар.

Өлкө катары кичинекей аброюң жок болсо, эл аралык аренада дөө-шаа өлкөлөр заматта четке сүрүп коё турганын көрдүк. Мындай абалды көрүп бийлик бутактарындагы айрым адамдардын көрсөткөн "курулай патриоттуулугуна" кыжырлана түшөсүң. Көпчүлүктүн тилеги - 120 депутат өлкө үчүн бир стадион курганга көмөктөшсө. Командалык оюн деген башка нерсе, футбол өзгөчө. Футбол керек болсо чачыраган элди ынтымакка чакырып коё аларына көзүбүз жетти. Жаштарды спортко чакыруунун мыкты үндөөсү да ушул – заманбап стадион куруу.

Кыргыз футболу жаңыдан бутуна туруп келе жатканда жардам берели!

Бишкек-Дубай-Аль-Айн-Абу-Даби


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
TalaCSKA
2019-01-24 14:33:43
Дагы эмне кылыш керек биздин футболисттербиз чтобы бийликтегилер кыймылдап бир нормально стадион салып башташына?кээде ойлоп кетесин чемпионат мираны утса деле стадион маселеси чечилбейтко деп. Стадион Стадион Стадион керек бизге!!!
+10
monster_high_98
2019-01-24 14:53:12
Эн мыкты создор!!
Чынында Матяшты мен да аяп кеттим, Матяш сатылды дешти,бирок атайы кылбаганы ачык эле!!!
Ар бир созунузду жеткире айтыпсыз,бийликке ишеништин кереги жок болуп калды чынында
+14
Sabette
2019-01-24 15:06:29
Ээ баракелде сагада Кыргызстандын келечеги үчүн канчалаган сөздөр айтылыптыр ооба биринчиден стадион куруу керек!!!
+9
Sabette
2019-01-24 15:08:37
Көп тукурсо кол болот демекчи бир жолудан тукурсок куралабызбы эсли коррупциясы жок счёт ачылса мен өз салымымды кошкону даярмын
+5
deva
2019-01-24 15:31:25
Sabette,мен да даярмын!
+2
grace
2019-01-24 19:01:18
Эң мыкты анализ болуптур! Калемиңе береке берсин ылайым! Футболду өнүктүрөлү! Жеңиштер али алдыда!Кудай буюрса!
+6
Atas
2019-01-24 20:51:26
Эми стадион курабыз деп кытайдан грант акча ала калбаса экен республикалык бюджеттен салгыла
+1
ekaterinburg
2019-01-25 00:37:13
Соонун жазылган!Журналист иним калемин курчуй берсин!Так,таамай,даана жазгансын.Баракелде!Бар бол.
+5
cholpon119966
2019-01-25 09:48:11
Сонун макала болуптур, азаматсыз!!!
+5
Skarlett-Skarlett
2019-01-25 09:51:21
Биз да кошмокпуз балдарыбыздын,келечектеги онуккон кичинекей Кыргызстаныбыз учун.Канча кубанычтын коз жашы тогулду,алыста журсок да журогубуз Кыргыз деп согооруна дагы бир ирет ынандым.Стадион!
+1
Dalil
2019-01-25 10:00:24
Соонун сөздөр баракелде. Бирок бул сөздөр чоң курсак чоңдорубуздун этинен өтүп сөөгүнө жетээри күмөн. Эгер ошол чоңдорубуз патриот болсо баары башын бириктирип бир стадион салып коюшат эле.
+3
bulathan
2019-01-25 10:09:40
Курсактары жарылгыча жегенден коро, ушундай жакшы иштерди жасашса боло кийинки муунга. Өлбочудой жашап, олуп кеткиче жешет, акмактар! Бакылдап 120сы креслосун кучактабай, андан көрө.................
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан