Футболчу Мирлан Мурзаев: "Азия Кубогунда алгачкы ирет катышып ийгилик жараттык"

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Бүгүн, 20-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамына каршы беттештин алдында машыгууларды өткөрдү. Машыгуулардан кийин биз Мирлан Мурзаев менен кыска маек курууга үлгүрдүк.

Эртеңки беттештин алдындагы сезимдер тууралуу:

Эртеңки оюнга даярдык катуу. Кандай оюн боло турганы эртең белгилүү болот. Балдардын бардыгы жакшы маанайда. Атаандаштардан коркуу деген сезимдер жок. Бул беттеште, буюрса, өзүбүздүн оюнубузду ойнойбуз.

Жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүктөр жөнүндө:

Буюрса, бизде атаандашыбызды утуп алууга 100 пайыз мүмкүнчүлүктөр бар. Эртең балдар менен бирге аракет кылып, жеңишке жетүүгө умтулабыз. Машыктыруучунун берген тапшырмаларын толугу менен аткарууга аракет жасайбыз.

Оюндарда гол киргизе албай жатканы тууралуу:

Бул мелдеште өнөктөшүмө мага караганда жакшыраак мүмкүнчүлүк келсе, албетте, топту ага өткөрүп берем. Бул жакта өзүмдүн атымды чыгарбай, курама командамдын жана мекенимдин атын чыгарыш керек. Өзүмө гол кирүүгө 100 пайыз мүмкүнчүлүк келсе, аны менен колдоном.

Кыргыз курамасынын Азия Кубогунун плей-офф баскычына чыкканы жөнүндө:

Тайпалык баскычтан чыгыш биз үчүн чоң жетишкендик. Азия Кубогунда алгачкы ирет катышып жатып ийгилик жараттык десек болот. Биз буга жетүү үчүн 5 жылдан бери талыкпай эмгектенип, даярданып келе жатабыз. Буюрса чыктык, биз деле ишенбей жатканбыз. Эми баары алдыда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tekecher
2019-01-20 23:52:24
Таш азамат
+1
monster_high_98
2019-01-21 01:12:27
"Бул мелдеште өнөктөшүмө мага караганда жакшыраак мүмкүнчүлүк келсе мен албетте топту ага өткөрүп берем"
Соз алды болду!!

Ийгилик!Оюндан кийин женишинер менен куттуктоо буйрусун!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан