Бүгүн, 21-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалдык беттештери уланат. Анда Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасына каршы туруп, ийгилик жаратканга аракет кылат.
Аталган беттеш "Зайед спорт сити" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алат. Бул беттеште Кыргыз улуттук курама командасы кызыл түстөгү футболка менен оюнга чыгат.
Кечээ, 20-январда Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйынга катышып "эртең кызыктуу беттеш болот жана биз атаандашыбызды таң калтырабыз", - деп айткан. Ошондой эле Кыргыз курама командасы расмий машыгууларды өткөргөн.