Азия Кубогу: Япония курама командасы атаандашын утуп, чейрек финалга чыкты

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Бүгүн, 21-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалдык беттештери уланууда. Анда Шаржа шаарында Япония менен Сауд Арабиясынын курама командалары кездешти.

"Шаржа" стадионунда орун алган беттеш 1:0 эсебинде Япониянын жеңиши менен аяктады. Кызуу беттештин 20-мүнөтүндө Такэхиро Томиясу эсепти ачып, арабиялык футболчулар буга жооп бере алышкан жок.

Муну менен Япония курама командасы жеңишке жетип, мелдештин чейрек финалына аттанды. Эми кийинки беттеште япониялыктар Вьетнам курама командасына каршы турат.

Ал эми бүгүн жарым чейрек финалдын алкагында дагы 2 беттеш орун алат. Анда Аль-Айн шаарында Австралия-Өзбекстан беттеши орун алса, Абу-Даби шаарында Кыргыз-БАЭ беттеши өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан