Кечээ, 24-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун чейрек финалдык беттештери башталды. Анда Дубай шаарында Вьетнам менен Япония командалары кездешсе, Абу-Даби шаарында Кытай менен Иран командалары күч сынашты.
Вьетнам-Япония
Вьетнам-Япония беттеши "Рашид" стадионунда өтүп, Япония курамасынын жеңиши менен аяктады. Оюндун 56-мүнөтүндө Вьетнамдын оюнчусу Буй Тьен Зунг айып аянтчанын ичинен эреже бузуп, калыс Япония курамасына пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берди. Аны Рицу Доан ийгиликтүү аткарып, эсепти 1:0 кылып, командасын жеңишке алып келген.
Бул жеңиши менен Япония курама командасы мелдештин жарым финалына чыкты.
Кытай-Иран
Абу-Дабидеги "Мохаммед бин Зайед" стадионунда Кытай менен Иран курама командалары кез келишти. Бул беттеште Иран курамы атаандашына карата үстөмдүк көрсөтүп, 3:0 эсеби менен утуп алды. 18-мүнөттө Мехди Тареми Сердар Азмундун чыгарып берүүсүнөн кийин эсеп санын ачса, 31-мүнөттө Азмун эсеп санын 2:0 кылды. Ал эми 91-мүнөттө Карим Ансарифард ийгиликтүү болуп, эсепти 3:0 кылды.
Муну менен Иран курама командасы Азия Кубогунун жарым финалына чыгып, анда Япония курама командасы менен беттешет.
Бүгүн, 25-январда жарым чейрек финалдык беттештер уланып, анда Түштүк Корея-Катар жана БАЭ-Австралия оюндары орун алат. Бул беттештердин жеңүүчүлөрү жарым финалда кездешет.