1-февралда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык беттеши орун алат. Анда Азия Кубогунун чемпиону наамы үчүн Япония менен Катар курама командалары күч сынашат.
Оюн Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
19:20. Бул беттеште калыстык милдетти Равшан Ирматовдун баштоосундагы өзбекстандык адистер аткарат.
19:30. Айта кетсек, Кыргыз курама командасы Азия Кубогуна даярдануу жыйындарында аталган 2 курама команда менен тең беттешкен. Японияга каршы беттеште кыргыз футболчулары 4:0 эсебинде жеңилсе, Катар курама командасынан Кыргыз курамасы 1:0 эсебинде жеңилип калган.
19:33. Япония курама командасы буга чейинки Азия биринчилигинде 4 ирет чемпиондукту камсыздаган болсо, Катар курама командасы алгачкы ирет мелдештин финалына чыгууда.
19:35. Оюнга алгачкы мүнөттөрдөн чыга турган Япония курама командасынын оюнчулары белгилүү болду:
19:40. Катар курама командасынын тизмеси төмөнкүдө:
19:45. Белгилей кетсек, Катар курама командасынын чабуулчусу Алмоэз Али буга чейинки беттештерде 8 гол киргизгенге жетишип, Азия Кубогунун бомбардири саналып келе жатат.
19:50. Дагы кошумчалай кетсек, оюн өтө турган стадиондо 21-январда Кыргыз курама командасы БАЭ курамасы менен беттешкен.
19:53. Оюн талаасына эки мамлекеттин желеги, калыстар жана футболчулар чыкты. Оюн бир нече мүнөттөн кийин башталат.
19:55. Япониянын гимни жаңырды.
19:58. Катардын гимни жаңырып, катардык футболчулар гимди кыйкырып ырдады.
20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Азия Кубогу-2019 мелдешинин акыркы оюну башталды. Топту оюнга Япония курама командасы кошту.
20:01. Япониялыктар дароо чабуулга чыгып, алар оюн эрежесин бузушту. Юя Осако атаандашынын футболкасынан тартып жыгылтканга үлгүрдү.
20:02. Катар курама командасы топко ээлик кылып, акыркындык менен чабуулга чыгууда.
20:03. Катарлыктар топту алдырып, япониялыктар контр-чабуулга чыгышкан. Бирок япониялык оюнчуга каршы оюн эрежеси бузулуп, Япония курамасы айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
20:04. Айып соккуну Осако аткарып, таамай боло алган жок.
20:05. Япониялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бирок бул мүмкүнчүлүк менен ийгиликтүү колдоно алган жок.
20:06. Катар курамасынын оюнчулары кайрадан оюн эрежесин бузду. Айып сокку орун алат.
20:07. Япониялыктар айып соккуну аткарып, кайрадан ийгиликсиз болушту.
20:08. Катарлык футболчулар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
20:09. Хироки Сакаи Катар курамасынын капитанына каршы оюн эрежесин бузду. Айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүк Катар курамасында.
20:10. Катар курамасы топко ээ болгону менен, чабуулга чыгуу аракетин ишке ашыра албай жатышат.
20:11. ГООООЛ!!! Катар курамасы эсеп санын ачты. 22 жаштагы Алмоез Али кооз гол киргизип, эсепти 0:1 кылды. Бул гол Али үчүн Азия Кубогунда 9-гол болду.
20:12. Япониялыктар топту оюнга кошуп, дароо тарттырып жиберишти.
20:14. Алмоез Али дагы бир ирет гол киргизүүгө аракет кылган, бирок бул ирет дарбазачы мыкты оюн көрсөттү. Катар топту бурчтан чыгарат.
20:15. Катар курамасынын бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү ийгиликсиз болду. Топ япониялыктардын карамагына өттү.
20:16. Япониялыктар оюндун ылдамдыгын жайлатып, акырындык менен чабуулга чыгууда. Катар курамасы коргонуу менен алек болууда.
20:17. Япониялыктар атаандашынын орто бөлүгүнө өтүп, топту тарттырып жиберди. Эми чабуулда Катар курамасы.
20:19. Алмоез Али атаандашына каршы оюн эрежесин бузуп, андан кечирим сурап жатат.
20:20. Япониялык футболчу оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен белгиленди.
20:21. Нагатомо сол канаттан айып аянтчага чыгарып берүү аткарган, бирок топту катардын оюнчусу тосуп алды.
20:22. Катардын оюнчу жаракат алып, оюн токтотулду. Афиф медициналык жардам алууда.
20:23. Оюн улантылып, япониялыктар дароо чабуулга умтулууда.
20:24. Япония курамасынын чабуулун катарлыктардын коргоочулары токтотууда. Катар курамасы атаандашына мүмкүнчүлүктөрдү бербей жатат.
20:25. Афиф медициналык жардамды алгандан кийин кайрадан оюнга кошулду.
20:26. Гооооооол!!! Эсеп 0:2. Катар курамасынын оюнчусу Абдул Азиз Хатим алыскы аралыктан сокку узатып, ийгиликтүү болду.
20:27. Япониялыктар өзүн жоготкондой, алардын чабуулдары ийгиликтүү болбой жатат.
20:29. Катар курама командасынын оюнчусу орой оюн көрсөтүп, оюн эрежесин бузду.
20:30. Япониялыктар коопту айып сокку аткарат.
20:31. Рицу Доан сокку узатып, топ футболчулардан тургузулган дубалга тийип калды.
20:32. 2-толкун менен аткарылган япониялыктардын чабуулу бир топ коопту болгону менен, Катар курамасынын дарбазачысы кыйынчылыксыз топту алып койду.
20:33. Такуми Минамино чабуулга чыгып, оюн эрежесин бузду. Катар курамасы кезектеги чабуулуна чыгат.
20:35. Катар курамасынын чабуулу абдан кооптуу учур менен аяктады. Акрам Афиф дарбазанын сол бурч жагынан 4 метр алыстыктан сокку узатып, дарбазанын таякчасына тийип калды.
20:36. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада көрүнүш мындай: Япония 52 пайып, Катар 48 пайыз.
20:37. Япониялык футболчу алыскы аралыктан сокку узатып, бир топ таамай болбой калды.
20:43. Япония курамасы эсепти өзгөртүүгө аз калды. Осако айып аянтчага көтөрүлгөн топко бир аз жетпей калды.
20:45. 1-тайм аягына келип, калыс дагы 1 мүнөт убакыт кошуп берди.
20:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына келди. Командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кетти.
21:01. Равшан Ирматов 2-таймга старт берди. Топту оюнга Катар курама командасы кошту.
21:02. Оюн башталары менен Япония курамасы чабуулга чыкты, бирок бул чабуул көпкө созулган жок.
21:03. Такуми Минамино оюн эрежесин бузууга жол берди.
21:04. 2-таймда Япония курама командасы бир нече чабуул өткөрүүгө үлгүрдү. Учурда япониялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
21:05. Бурчтан чыгарууну япониялыктар кубаттуу сокку менен жыйынтыктады, Осако сокку узатып, таамай болой калды.
21:06. Япониялыктар дагы бир ирет топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
21:07. Япониялыктардын бурчтан чыгаруусу кайрадан ийгиликсиз болду.
21:08. Мая Йосида чабуулда оюн эрежесин бузду. Катарлыктар топко ээлик кылууга мүмкүнчүлүк алды.
21:09. Такуми Минамино атаандашынын айып аянтчасынан бир коргоочуну алдаганга үлгүргөнү менен, артынан келип калган катарлык оюнчу топту талаадан чыгарып салды. Япониялыктар топту бурчтан кошот.
21:10. Япониялыктар стандарттык абалдар менен колдоно албай жатышат. Акыркы 10 мүнөттө 5 жолу топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, бирөөндө дагы ийгиликтүү боло алган жок.
21:12. Катар курама командасы тез контр-чабуулга чыгып жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Афиф айып аянтчага кирип, өнөктөшүнө топту өткөрүп берген. Азиз Хатим дарбазачы менен бетме-бет келип, анын соккусунан кийин топ дарбазадан бир топ алыс өтүп кетти.
21:13. Катар курамасынын айып аянтчасында Катар менен Япония курамаларынын оюнчулары сүзүшүп, катарлык оюнчу оор жаракат алып калды.
21:14. Катарлык оюнчунун абалы начар окшойт. Оюн талаасына "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери чыгып жардамын көрсөтүүдө.
21:15. Катарлык оюнчу оюнду уланта албай калгандай көрүнөн.
21:16. Жаракат алган оюнчуну оюн талаасынан көтөрүп чыгышты. Азыр оюн кайрадан улантылат.
21:17. Жаракат алган Буалем Хухини машыктыруучу алмаштырды. Анын ордуна оюнга Аль Харжи кошулду.
21:18. Япония курамасында да алмашуу орун алды. Харагучинин ордуна Йосинори Муто чыкты.
21:19. Япониялыктар акырындык менен атаандашынын дарбазасына жакындап келе жатат. Бирок Катар курамасынын коргоочулары мыкты болууда.
21:20. Аль Харжи оюн эрежесин бузуп, япониялыктар дагы бир кооптуу стандарттык абалды колдонот.
21:21. Айып соккуну япониялыктар жакшы колдоно алган жок. Топ талаадан сыртка чыгып кетти.
21:22. Япониялыктар чабуулдан баш тартпай, топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок ал ийгиликтүү болгон жок. Чабуулчу башы менен топту дарбазага багыттап, таамай болгон жок.
21:23. Топко ээлик кылуу боюнча көрсөткүчтө Япония курамасы 58 пайыз болсо, Катар курамасы 42 пайыз.
21:25. Гоооооол! Япониялыктар эсепти 1:2ге айлантты. Минамино айып аянтчага кирип, дарбазачыны алдап гол киргизгенге үлгүрдү.
21:26. Минамино бул голу менен Азия Кубогунун алкагында алгачкы болуп, Катардын дарбазасына гол киргизди.
21:27. Катар курама командасынын оюнчусу Аль Рави оюн эрежесин бузуп, япониялыктарга кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.
21:29. Катар курамасы тез контр-чабуулга чыгып, бирок топту атаандашынын бөлүгүндө жоготту.
21:30. Катар курамасында алмашуу орун алды. Хасан Аль Хайдос оюндан кетип, оюнга Карим Будаиф кошулду.
21:33. Япония курамасы токтоосуз чабуулун улантууда. Уламдан-улам чабуулга чыгып, япониялыктар ийгиликсиз болууда.
21:35. Катар курамасынын оюнчусу Афиф тез контр-чабуулга чыгып, кооптуу абал жарата алды. Ал 3 атаандашын алдап өтүп, топту өнөктөшүнө өткөрүп берди. Ал эми өнөктөшү сокку узатып, топ япониялык коргоочудан талаадан чыгып кетти.
21:36. Катарлыктар топту бурчтан чыгарып, топ япониялык оюнчунун колуна тийип калды көрүнөт. Бирок азырынча калыстын ышкырыгы үн чыгара элек.
21:37. Равшан Ирматов оюнду токтотуп, VAR системи менен колдонуп, пенальти койду.
21:39. ГОООЛ! Пенальтини Афиф аткарып, эсепти 1:3 кылды.
21:40. Гол киргизгенин майрамдап жатып Афиф футболкасын чечип салган. Бул үчүн ал сары айып кагаз менен белгиленди.
21:42. Оюндун аягына 5 мүнөттөй убакыт калды. Катар курама командасы чабуулга чыгууда.
21:43. Хироки Сакаи оюн эрежесин бузуп, сары айып кагаз менен белгиленди.
21:45. Япония курамасында алмашуу. Минаминонун ордуна Такаси Инуи чыкты.
21:47. Оюндун негизги убактысы аягына чыгып, калыс 5 мүнөт кошту.
21:48. Алмоез Алиге каршы оюн эрежеси бузулуп, чыр чыгып кете жаздады. Бирок Равшан Ирматов оюнчуларды бат эле ордуна коюп койду.
21:51. Катар курама командасында алмашуу орун алды. Алмоез Алинин ордуна Ахмед Аллаэлдин оюнга кошулду.
21:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Катар курама командасы Азия Кубогунун чемпиону болду. Бул Азия биринчилигинде Катар курама командасы бардык беттештерде жеңишке жетип, 7 беттеште 1 гол гана өткөрүп, 19 гол киргизишти. Алардын ичинен 9 голду Алмоез Али аттуу футболчу киргизген.