Бишкекте алыш күрөшү боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында 10-11-февраль аралыгында алыш күрөшү боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алыш күрөшү боюнча Өлкө чемпиондугунда эркин жана классикалык стилиндеги эркектер жана кыз-келиндер күч сынашат. Аталган мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 300гө жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланып, бел боо күрөшү боюнча спорт чебери наамы ыйгарылат.

Өлкө чемпиондугунда 18 жаштан жогорку спортчулар төмөнкү салмак чендеринде күч сынашат:

Эркектер арасында: 60, 70, 80, 90, 100 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогорку салмак чендери;

Кыз-келиндер: 55, 60, 65, 70, 75 килограммга чейинки жана 75 килограммдан жогорку салмак чендери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан