Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун оюнчусу Кайрат Жыргалбек уулу орусиялык клубга өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубунун маалымат катчысы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кайрат Жыргалбек уулу Түркиянын Анталия шаарына барып "СКА-Хабаровск" футболдук клубунун окуу-машыгуу жыйындарына кошулду. Ал жактан Жыргалбек уулу аталган клубдун кароосунда 7-20-февраль аралыгында болот.
Окуу-машыгуу жыйындарынын аягында Кайрат Жыргалбек уулу "СКА-Хабаровск" футболдук клубуна өтүшү мүмкүн.
Буга чейин белгилүү болгондой, "Дордой" жана Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары Тамирлан Козубаев малайзиялык ПКНС клубуна өтсө, Азиз Сыдыков ирандык "Санат Нафт Абадан" клубуна өткөн. Ал эми Эрнист Батырканов учурда словакиялык "Спартак Трнава" футболдук клубунда кароодо жүрөт. Ошондой эле Ахлидин Исраилов өзбекстандык "Андижан" клубуна өттү.