Индияда дарыгерлер бейтаптын ичине медициналык шайманды унутуп калышкан

Индиянын Хайдарабад шаарында дарыгерлер операция жасоо учурунда бейтаптын ичине медициналык шайманды унутуп калышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Махешвари аттуу аял грыжасын алдыруу үчүн дарыгерлерге кайрылат. Операция ийгиликтүү өтөт. Бирок бир аз убакыт өткөн соң Махешваринин ичи катуу ооруп, дарыгерлерге кайрылууга мажбур болот. Рентген аппаратынын сүрөтү чыккандан кийин гана бейтаптын ичинде медициналык шайман бар экени белгилүү болгон.

Бул туурасында жалпыга маалымдоо каржаттарына бейтапка 2-ирет операция жасаган хирург Манохар Лал маалымдаган. "Учурда бейтаптын абалы жакшы. Анын туугандары дарыгерлердин көңүл коштугуна жана шалаакылыгына нааразы болуп, тиешелүү адамдар жазасын алсын деген талап менен полиция кызматкерлерине кайрылышкан", - деп билдирген Манохар Лал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eliza1991
2019-02-13 00:31:18
Кыргызстанда окуп барган окшойт да хирург)))))
+25
Aruwka.89
2019-02-13 00:44:48
Eliza1991, жайладыныз
+9
Saidochka
2019-02-13 01:04:00
Eliza1991,ошондой болсо керек;))
+4
Mikra
2019-02-13 01:29:43
Eliza1991,молодец эн туура.самтырап журушотго Ошолордун бири болсо керекда хахаха
+4
Ailin78
2019-02-13 06:54:28
Eliza1991,өзүбүздү өзүбүз ар дайым ушинтип жаман жактарга аралаштырып жүрө беребмз ошентип отурсак бизди ким сыйламак мээң менен кара жерг
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан