Кечээ, 18-июнда Хорватиянын Пореч шаарында "Futsal Week June Cup 2025" аттуу эл аралык турнирин биринчи оюн күнүндө Кыргызстандын Улуттук курамасы Франция менен кез келип, жыйынтыгында 2:1 эсеби менен жеңишке жетти.
Алгач 26-мүнөттө Ислам Туратбеков эсеп санын ачса, 37-мүнөттө Кайрат Кубанычов 2:0 кылды. Бирок акыркы мүнөттө атаандаш бир топ айырмасын жойду.
Эске салсак, бул мелдешке катышуу 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдыктын бир бөлүгү.