Кум үстүндөгү күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

20-21-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында кум үстүндөгү күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер арасында: 70, 80, 90, +90 килограмм;
Кыз-келиндер арасында: 60, 70, +70 килограмм;
Жаштар арасында (U-20): 60, 70, 80, +80 килограмм;
Кыздар арасында (U-20): 50, 60, +60 килограмм;
Өспүрүмдөр арасында (U-17): 50, 60, 70, +70 килограмм;
Кыздар арасында : 40, 50, +59 килограмм.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөру боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан