Трамп Мексиканын чек арасына дубал куруу үчүн каражат бөлүнбөй калса, кырдаал оор болорун эскертти

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексиканын чек арасына дубал куруу үчүн каражат бөлүнбөй жатканын айтып, өзгөчө кырдаал режимин жарыялай турганын белгилеген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Трамп Мексика менен чек ара куруунун алгачкы баскычына 5,7 миллиард доллар сурап жатат. Ал эми АКШ Конгрессиндеги демократтар менен республикачылар өлкөнүн түштүк чек арасындагы коопсуздук маселеси боюнча болжолдуу макулдашуу долбоорунда 1 миллиард 375 миң доллар каралууда экенин айтышкан.

Мындай сумма аздык кыларын АКШ президенти билдирди. Учурда ал чек ара дубалын курдуруу үчүн башка булактардан каражат издеп жатканын белгилеген. Анткени Трамп шайлоо учурунда Мексика менен чек ара дубалын курууну убадалаган. Ага жалпы 20 миллиард доллардан ашык каражат керектелиши мүмкүн.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Romantik.
2019-02-16 10:29:03
Бул 5 миллиард доллар Америка үчүн акча эмесда
+1
Samar90
2019-02-16 12:00:33
Облепиха ( чычырканак) егип койда
-1
gute
2019-02-16 15:19:39
Трамп шайлоодо берген убадасын аткарыш учун жанталашып жатат. Биздикин дагы коро жатаарбыз эми
+3
Shekeev969798
2019-02-16 15:19:40
Трамп эркек Шайлоодо айткан созун аткарууга аракет кылып жатат! А биздечи 1% дагы аткарылбайт
+5
Aikaaaa
2019-02-16 16:11:55
Великая китайская стенадай кылдыртайын деген го
-1
Chungyz
2019-02-16 18:32:52
Трамп ака ашар болсо барабыз
+5
Balshi
2019-02-17 12:37:06
Тантырап олду бул дагы
-1
altyn7776
2019-02-17 14:04:25
Бироого кор бироого зар дуйно. Эн кучтуу мамлекет делинген мамлекеттин кылаар иши ушулбу?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан