Жарандык активист Айбек Мырза: "Ички маселелер боюнча башка мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол бербеш керек"

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда жарандар Кыргыз өлкөсүндөгү сотторго, укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдиришкен.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.

Ал жарандардын эмне үчүн башка мамлекеттин президентине кайрылганы түшүнүксүз болуп жатканын айтты.

“Бул тууралуу коомчулукка талкуу кылып, көңүл буруунун кереги жок. Алар кандай мотив менен кайрылганы түшүнүксүз жана маанисиз. Бул атайын провокациялык иш-аракеттер деп ойлойм. Алгач президентке кайрылуу керек, эгер жооп болбосо, митингге чыгып же флешмоб уюштурушса болот. Өзүбүздүн өлкөдөгү көйгөйлөрдү өзүбүз чечишибиз шарт. Башка мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол бербеш керек. Укук коргоо органдары бул жарандар эмне себептен Орусиянын президентине кайрылганын карап чыгуу зарыл”, - дейт Айбек Мырза.

Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Таабалды Тиллаев, Аалы Карашев, Марлен Маматалиев жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан