АКШнын Иранга сокку уруусунан кийин Нью-Йоркто нааразычылык акциялары башталды (видео)

АКШнын Ирандагы өзөктүк объекттерге жасаган соккусунан кийин Нью-Йоркто согушка каршы нааразычылык акциялары башталганын NBC News телеканалы билдирди.

Америкалыктар колдоруна "Ирандан колуңарды тарткыла", "Ирандагы согушту токтоткула" жана "Жакынкы Чыгышта дагы бир согушка жол жок" деген жазуулары бар плакаттарды кармашып, жөө жүрүш менен шаардын борборун аралап өтүштү. Телеканал демонстранттар Вашингтондун аракеттери Ирандын өзөктүк куралы боюнча кандайдыр бир эл аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коёт деп тынчсызданып жатканын белгилейт.

Жүрүштүн уюштуруучулары АКШ президенти Дональд Трамптын кызматтан кетишин талап кылып жатканы да айтылат. Алар мамлекет башчысынын аракеттерин жетиштүү түрдө айыптабаган демократтарды сындашууда.

Ошол эле учурда америкалыктар Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууга чакырышканы айтылды.

Эске салсак, 21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордоу, Натанз жана Исфаханга сокку урган.

23.06.25
23.06.25
23.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан