Бишкекте Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 23-июндан 29-июнга чейин Бишкектеги Медеров көчөсүнүн Панфилов көчөсү менен кесилиши автоунаа кыймылы үчүн жабылат.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, Медеров көчөсү менен кесилишкен Абай жана Тыныстанов көчөлөрү ачылат.

Мэрия жарандардан бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана жол тыгынын болтурбоо үчүн жеке унааларды эмес, коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан