Дүйнөдөгү эң кымбат картина жоголду

Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары Леонардо да Винчинин 400 миллион долларга сатылган "Ааламдын куткаруучусу" аттуу картинасы жоголгонун жазышууда.

Маалыматка ылайык, картина Абу-Дабидеги Лувр музейинин филиалына өткөн жылдын сентябрь айында коюлушу керек эле. Бирок шаар бийлиги картина эмнеге коюлбаганын ачыктоодон баш тартышкан.

Айрым басылмалар Луврда иштеген анонимдүү булактарга таянып, "Ааламдын куткаруучусу" жоголуп кеткендигин жазышууда. Белгилүү болгондой, картина кайда экендигин Париждеги да, Абу-Дабидеги да музейдин жетекчилиги билишпейт.

Аталган картина 2017-жылы аукцион аркылуу 400 миллион долларга сатылып, бардык салыктарды кошо эсептегенде 450 миллион долларга жеткен. Леонардо да Винчинин эмгегин Сауд Арабиясынын ханзаадасы Бадер бин Абдулла бин Мохаммед бин Фархан Аль Сауд сатып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Abdizhapar
2019-04-01 10:52:44
Жакшы болуптур кайдагы суроттогу ааламдын куткаруучусу болсун
+12
bond02
2019-04-01 11:31:01
Ааламдын куткаруучусу деп атоо бул Аллага ширк келтируу, а бирок ошол нерсени мусулман араб эмне ойдо сатып алды экен динге каршы келген нерсени.
+15
Uli6886
2019-04-01 11:51:23
bond02, Сатып алып орттоп, жок кылып жибергендир да может)
+3
Aza17
2019-04-01 13:06:03
Uli6886, сатап алып орттоп ийгени туура эле версия
+2
ruslanz
2019-04-01 13:51:01
450млн$ турган нерсе жоголмок беле.Бул жерде жашыруун бир нерсе бар.
0
Kubat77
2019-04-01 14:20:24
Озун куткара албаган сурот кантип ааламдын куткаруучусу болсун .кудайынардын баасы ошончо элеби?
+4
nuraiym_kenzhebaeva
2019-04-01 17:57:45
Kubat77, ошо да)))
0
Aijan2905
2019-04-01 16:00:12
1 апрелге карата айтып жатат болуш керек
0
PROS
2019-04-01 20:46:19
Өзүн куткара албаган кандай ааламдын куткаруучусу болду экен ыя?!)))
"Жаман иттин аты Бөрүбасар" дегендей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан