Ата мекендик продукцияны бир адам сатып алса, бир жумуш орун сакталат

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Жумуш орун – бул эмне” аттуу иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Резинапродукт” көлөч чыгаруучу фабрикасынын иши менен таанышты.

Бул ишкана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөлөрү ачкан 33 ишкананын бири. 30 адамды жумуш менен камсыз кылган фабрикадан, аткезчилик жолу менен кепичтер кирбей, өндүрүлгөн продукциялар сатылганда жылына 600 миңден 800 миң жупка чейин кепичтер өндүрүлмөк. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев кыскача кепичтин тарыхына токтолуп: “Көлөч – бул эч качан модадан калбай турган бут кийим. Фабрикада бардык жумуш адамдардын колу менен жасалат. Бирок ишкерлердин айтымында, Өзбекстандан аткезчилик жол менен кирген көлөчтөр ички рынокту ээлеп, ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган продукциялар атаандаштыкка туруштук бербей жатат. Эгерде өкмөт кошуна өлкөдөн кирген товарлардан кошумча нарк салыгын, бажы төлөмдөрүн мыйзамдуу алып, көзөмөлдү күчөткөндө ата мекендик өндүрүшчүлөргө чыныгы атаандаштыкты жаратып бермек”, - деген пикирин билдирди.

ЭЛГЕ БЕРГЕН УБАДАЛАРЫБЫЗДЫ ЖУМУШУБУЗ МЕНЕН КӨРСӨТТҮК

Бакыт Төрөбаевдин жумушчу сапары ушул эле райондогу 80 адамга жумуш орун түзүп берген “Туз-Бел Таш” таш заводунда уланып, анда өндүрүлүп жаткан продукцияларды көрдү.

“Биздин партиялаштар ачкан бул завод 33 ишкананын курамында экендигин сыймыктануу менен айтсам болот. Биз элге берген убадаларыбызды сөз боюнча калтырбай, 3500 жумуш ордун түздүк. Бул жерде иштеп жаткан адамдар, чет өлкөгө кетишпей, туруктуу айлык алып, үй-бүлөлөрүн багып келишет. Урматтуу мекендештер! Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан продукцияларды бирден сатып алсаңыздар, бир жумуш орун сакталат”, – деди Бакыт Төрөбаев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2019-04-03 10:12:47
Азаматтар!!
Ийгилик!!
+1
Aikaaaa
2019-04-03 10:21:40
Шайлоо жакындап калды
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан