Португалияда туристтер бара жаткан автобус кырсыкка кабылып, 28 адам каза болду

Португалиянын Мадейра шаарында туристтер бара жаткан автобус кырсыкка кабылып, 28 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, автобустун ичинде 55 турист болгон. Каза болгондордун 11и эркек киши, 17си аял экендиги айтылууда. Мындан сырткары дагы 22 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

Жергиликтүү бийликтин алдын ала маалыматтарына ылайык, айдоочу бурулушка келгенде унааны башкара албай калып, бийиктиктен кулап кеткен. Буга автобустун тормозу иштебей калганы себеп болушу мүмкүн.

Мадейра шаарынын мэри Филипе Соузанын айтымында, туристтердин көпчүлүгү Германиянын жарандары болгон.

"Окуяны сүрөттөө үчүн сөз таппай турам. Туристтердин арасында жергиликтүү же башка өлкөлөрдүн жарандары да болушу мүмкүн. Бирок алардын басымдуу бөлүгү Германиянын жарандары экени белгилүү болду", - деп билдирген Соуза.

Кырсык, 17-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 18:30да (Бишкек убактысы менен 23:30) болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан