Британиялык мотоциклист Эдриан Оуэн 15 метрлик жардан кулап, аман калды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Оуэн рулду башкара албай, жарга кулап денесинин бир нече жеринен ар түрдүү жаракаттарды алган.
"Мен аман калганыма сүйүнөм. Куткаруучуларга жана санитардык авиациянын кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдиргим келет", - деп билдирген Оуэн.
"Жабырлануучу тик учак менен ооруканага жеткирилген. Анын колу, тизеси жана жаагы сынган. Мындан сырткары анын бир нече кабыргалары сынганы айтылууда", - деп жазылат маалыматта.