Украинадагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты. Маалымат Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын интернет баракчасына бүгүн, 30-апрелде жарыяланды.
Маалыматка ылайык, буга чейинки айтылып келген алдын ала жыйынтыктар менен расмий жыйынтыкта айырмачылыктар болгон эмес. Жалпы шайлоочулардын 61,37 пайызы катышкан шайлоодо Володимир Зеленский 73,2 пайыз колдоого ээ болсо, Петро Порошенко 25,4 пайыз добуш топтогон. Жаңы президенттин ант берүү аземинин күнү парламент тарабынан белгиленет. Инаугурация шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде өтүшү керек.
Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы туру 31-мартта өткөн. 39 талапкер катышкан шайлоодо Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Порошенко 15,95 пайыз добуш алып 2-турга өткөн. 21-апрелде шайлоонун 2-туру өтүп, алдын ала маалыматтар боюнча Зеленский атаандашынан дээрлик 3 эсе көп добуш топтогону айтылган.
Володимир Зеленскийдин өмүр таржымалы жана саясатка келип калуусу тууралуу бул шилтемеге баш багып окуңуз.