АКШда Boeing 737 учагы 143 жүргүнчүсү менен дарыяга кулап түштү. Учак "Miami Air" авиакомпаниясына таандык болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 3-майда катталган. Анда Куба мамлекетинен келе жаткан учак Флорида штатындагы Жэксенвилл шаарындагы дарыяга кулаган. Бирок учак сууга чөккөн эмес. Кырсыктын кесепетинен 21 адам денесинен ар түрдүү жаракаттарды алган. Учакта 136 жүргүнчү, 7 борт кызматкерлери жана экипаж мүчөлөрү болгон.
Учурда жергиликтүү куткаруу кызматы учакты дарыядан алып чыкты. Азыркы маалыматтарга ылайык, учак конуу тилкелеринен чыгып кеткен. Ал эми Жэксенвилл шаарынын шерифи иликтөө иштери башталганын, кырсыктын келип чыгуу себептери такталарын айтат.