Депутат Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү өндүрүштү өнүктүрүү боюнча Гуанчжоу шаарында ири ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушууда

Бул күндөрү Бакыт Төрөбаев Гуанчжоу шаарында эл аралык алдыңкы ишкерлердин көргөзмөсүнө катышууда. Иш-чарада дүйнөдөгү жогорку деңгээлдеги ишкерлер менен биргеликте, өлкөгө улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн, экологиялык таза продукцияны өндүргөн ишкана куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

“Кыргызстанда жалпы жеңил өнөр жай тармагын, анын ичинде кийим тигүү, бут кийим чыгаруу жана башка өндүрүштөрдү кантип өнүктүрүүгө болот?” - деген маселенин алкагында эл өкүлү бир катар ири ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Мындан сырткары ата мекендик өндүрүшкө маанилүү болгон заманбап мода, дизайндан кантип артта калбаш керек деген тема дагы иш сапардын негизги өзөгүн түзүүдө. Белгилей кетсек, аталган жумушчу сапардын чыгымы толугу менен Бакыт Төрөбаевдин жеке эсебинен сарпталууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Myrza.aksy
2019-05-08 11:42:13
Канлай аракет кылбасын баары бир отпойт кийинки шайлоодо
+4
omurbek1990
2019-05-09 10:10:07
Myrza.aksy, колдобош керек бул кишини
+2
tursunbaev78
2019-05-09 00:43:48
өзүнүн бизнеси менен жүрөтда,элди ойлоп жүрөт дейсиңерби?
+4
elchi84
2019-05-09 10:26:42
Пиар да эми ойлонуп башына жетиппи? Бул заводтор келип курулбайт баарибир бул шоу.
+2
Chungyz
2019-05-09 11:04:06
Онугуу прогресс болгон жок 5 жылдан бери убара болбой эле койсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан