Өлкөдө 4 күнгө созулган эс алуу күндөрүнө карата аба ырайы: Апта соңу Ысык-Көл, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачындуу болушу күтүлүүдө

Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары май айында расмий 3 майрамды майрамдайт: 1-Май - Эмгекчилер күнү, 5-Май - Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн, 9-Май - Жеңиш күнү.

Өкмөттүн "2019-жылдагы майрамдарды эс алуу күндөрүнө жылдыруу" токтомуна ылайык, өлкө жарандарын алдыда 4 күнгө созулган эс алуу күндөрү күтүүдө.

Тактап айтканда, 5-майдагы майрам күнү жекшембиге туш келгендиктен, 6-май эс алуу күнү катары белгиленген. Бирок жарандар 6-май күнү иштеп, майрам күндөрү удаа болуш үчүн 6-май 10-майга жылдырылган. Жыйынтыгында 9-10-11-12-май күндөрү катары менен дем алыш күндөрү болуп саналмакчы.

4 күнгө созулган эс алуу күндөрү өлкө аймагында кандай аба ырайы күтүлөрү тууралуу маалымат беребиз:

Бишкек шаары.

9-май күнү күн ачык болот, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +10...+23 градуска чейин жылыйт. 10- майда +11 градустан +26 градуска чейин жылыса, 11-май күнү асманды ала булут каптап, абанын температурасы +13...+25 градуска чейин жылышы күтүлөт. Ал эми 12-майда дагы ушундай эле аба ырайы катталып, +14 градустан + 24 градуска чейин жылымакчы.

Чүй облусу.

9-майда +8...+24, 10-майда, +11...+24 градуска чейин жылып, күн ачык болот. Ал эми 11-майда абанын температурасы +12...+24 градуска чейин жылып, асманды ала булут каптайт. 12-майда дагы булуттуу аба ырайы менен катар, абанын температурасы +12...+22 градуска чейин жылышы күтүлөт.

Ош облусу.

Ош облусунда 9-май күнү абанын температурасы +25 градуска чейин жылып, күн ачык болот. 10-майда +14...+26, 11-майда +15...+25 градуска чейин жылыйт. Ал эми 12-майда түштөн кийин асманды ала булут каптап, тоолуу аймактарда бир аз күн бүркөлүшү ыктымал. Бул күнү абанын температурасы +14...+24 градуска чейин жылуу болмокчу.

Жалал-Абад облусу.

Майрам күнү Жалал-Абад облусунда да күн ачык болуп, +12...+26 градуска чейин жылыйт. 10-майда +13...+28 градуска чейин ысып, түштөн кийин тоолуу аймактарда күндүн бүркөлүүсү күтүлөт. 11-майда абанын температурасы +13...+26 градуска чейин жылып, бирок түштөн кийин тоолуу жана бийик тоолуу аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап өтүшү күтүлүүдө. 12-майда +14...+26 градуска чейин жылуу болот, асманды ала булут каптап турат.

Баткен облусу.

Баткен облусунда 9-май күнү абанын температурасы +26 градуска чейин жылып, дээрлик күн ачык болот. 10-май күнү +15...+27 градуска чейин жылып, түштөн кийин асманды ала булут каптайт. 11-май күнү +15...+26 градуска чейин күн жылуу болгону менен түштөн кийин күн бүркөлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 12-майда абанын температурасы +15...+25 градуска жетип, күн бүркөө болушу күтүлүүдө.

Талас облусу.

9-май күнү Талас облусунда абанын температурасы +6...+23 градус болмокчу. 10-майда күн ачык болот. Абанын температурасы +8...+24 градуска чейин жылуу болот. 11-майда +9...+23 градус, 12-майда +9...+22 градуска чейин жылып, асманды ала булут каптап турмакчы.

Ысык-Көл облусу.

Облустун тоолуу аймактарында 9-май күнү эртең менен абанын температурасы нөлдөн төмөн болору күтүлүүдө. Абанын температурасы -2...+13 градуска жетип, күн ачык болмокчу. 10-майда +2...+15 градуска чейин жылып, бул күнү да күн ачык болот. 11-май күнү асманды ала булут каптап, күн +3...+16 градуска чейин жылыйт. 12-майда жаратылыш коюнунда эс алууну пландап жаткандар үчүн бир аз ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Абанын температурасы +5...+12 градус болгону менен таңдан баштап түнгө чейин мезгил-мезгили менен жаан жаамакчы.

Нарын облусу.

9-май күнү Нарын облусунда 0...+14 градус болмокчу. 10-майда +2...+16 градуска чейин жылып, 11-майда күн бүркөлүп, кечке маал жаан жаашы күтүлөт. Ал эми бул күнү абанын температурасы +2...+14 градуска чейин жылыйт. 12-майда абанын температурасы +4...+7 градус болот, жаратылыш коюнунда эс алууга ыңгайсыз, себеби күнү бою жаан-чачындуу аба ырайы күтүлүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан