Бир аптанын аба ырайы. Өлкө аймагында 16-майдан баштап дээрлик жаан-чачындуу аба ырайы күтүлүүдө

Өлкө аймагында май айынын жарымынан кийин жаан-чачындуу күндөр орун алмакчы. Тагыраагы 16, 19 жана 22-май күндөрү аба ырайы бузулуп, жаан-чачын орун алары күтүлүүдө. Төмөндө алдыңкы 1 аптага карата дубандарда күтүлгөн аба ырайы.

Бишкек шаары.

16-май. Абанын температурасы +12...+23. Түштөн кийин асманды ала булут каптап, мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт.

17-май. Абанын температурасы +10...+22. Күн ачык болот.

18-май. Абанын температурасы +11...+23. Асманды ала булут каптап, күн бүркөлүшү күтүлөт.

19-май. Абанын температурасы +13...+20. Нөшөрлөп жамгыр жаашы күтүлүүдө.

20-май. Абанын температурасы +13...+22. Эртең менен жамгыр жаашы күтүлөт. Түштө жамгыр басылып, бирок асманды ала булут каптап турат.

21-май. Абанын температурасы +13...+24. Асманды ала булут каптап, түштөн кийин күн бүркөлүүсү күтүлүүдө.

22-май. Абанын температурасы +12...+17. Нөшөрлөп жамгыр жаашы күтүлүүдө. Кечке маал жаан басаңдашы ыктымал.

Ош облусу.

16-май. Абанын температурасы +15...+24. Асманды ала булут каптап, түштөн кийин мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт.

17-май. Абанын температурасы +14...+23. Күн бүркөө болот. Түшкө маал мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

18-май. Абанын температурасы +13...+17. Күн бүркөө болот. Түшкө маал мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

19-май. Абанын температурасы +11...+18. Күн бүркөө болот, күнү бою жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт.

20-май. Абанын температурасы +9...+23. Күн ачык болот.

21-май. Абанын температурасы +13...+26. Күн ачык болот.

22-май. Абанын температурасы +15...+24. Асманды ала булут каптап, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад облусу.

16-май. Абанын температурасы +14...+26. Түштөн кийин асманды ала булут каптап, түнү күн бүркөлөт.

17-май. Абанын температурасы +14...+25. Күн бүркөлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт.

18-май. Абанын температурасы +13...+20. Күн бүркөлүп, түштө жана кечинде мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

19-май. Абанын температурасы +12...+20. Мезгил-мезгили менен кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт.

20-май. Абанын температурасы +11...+25. Күн ачык болот.

21-май. Абанын температурасы +13...+28. Күн ачык болот.

22-май. Абанын температурасы +16...+25. Күндүзү кыска мөөнөткө жаан жаашы күтүлөт.

Баткен облусу.

16-май. Абанын температурасы +14...+25. Күн бүркөө болот. Түштөн кийин жаан жаашы күтүлөт.

17-май. Абанын температурасы +15...+21. Күн бүркөлөт, түштөн кийин жаан жаашы күтүлөт.

18-май. Абанын температурасы +12...+18. Күн бүркөлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

19-май. Абанын температурасы +12...+18. Мезгил-мезгили менен жааган жамгыр түшкө маал нөшөрлөгөн жаанга айланышы ыктымал.

20-май. Абанын температурасы +11...+24. Күн ачык болот.

21-май. Абанын температурасы +14...+27. Асманды ала булут каптайт, жаан жаабайт.

22-май. Абанын температурасы +15...+24. Жамгыр жаайт.

Талас облусу.

16-май. Абанын температурасы +9...+22. Түштөн кийин мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт.

17-май. Абанын температурасы +9...+21. Асманды ала булут каптайт. Жаан-чачын болбойт.

18-май. Абанын температурасы +12...+17. Күн бүркөө болот.

19-май. Абанын температурасы +8...+18. Күн бүркөлүп, түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

20-май. Абанын температурасы +8...+22. Күн ачык болот.

21-май. Абанын температурасы +10...+24. Күн ачык болот.

22-май. Абанын температурасы +11...+18. Күндүзү нөшөрлөп жамгыр жаап, кечке маал басаңдайт.

Чүй облусу.

16-май. Абанын температурасы +12...+22. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

17-май. Абанын температурасы +9...+23. Күн ачык болот.

18-май. Абанын температурасы +10...+21. Асманды ала булут каптайт.

19-май. Абанын температурасы +11...+21. Асманды ала булут каптап, түшкө маал жамгыр жаашы күтүлөт.

20-май. Абанын температурасы +12...+24. Күн ачык болот.

21-май. Абанын температурасы +12...+27. Асманды ала булут каптап, кечкисин күн бүркөлөт.

22-май. Абанын температурасы +12...+18. Нөшөрлөп жамгыр жаайт.

Ысык-Көл облусу.

16-май. Абанын температурасы +6...+14. Мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда абанын температурасы төмөндөйт.

17-май. Абанын температурасы +3...+13. Эртең менен жаан жаап, түшкө маал күн ачылат.

18-май. Абанын температурасы +2...+15. Асманды ала булут каптап турат. Түштөн кийин күн бүркөлүүсү күтүлөт.

19-май. Абанын температурасы +6...+16. Асманды ала булут каптап турат. Түштөн кийин күн бүркөлүшү күтүлөт.

20-май. Абанын температурасы +4...+15. Күн ачык болот.

21-май. Абанын температурасы +5...+17. Асманды ала булут каптайт.

22-май. Абанын температурасы +6...+13. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Нарын облусу.

16-май. Абанын температурасы +3...+12. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

17-май. Абанын температурасы +2...+13. Жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда карга айланышы мүмкүн.

18-май. Абанын температурасы +4...+14. Күн бүркөө болот.

19-май. Абанын температурасы +3...+13. Күндүзү күн бүркөлүп, түштөн кийин нөшөрлөп жаан жаайт.

20-май. Абанын температурасы +2...+14. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

21-май. Абанын температурасы +3...+17. Күн ачык болот.

22-май. Абанын температурасы +5...+10. Мезгил-мезгили менен жааган жамгыр түштөн кийин нөшөрлөгөн жаанга айланат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ShaKe11
2020-04-11 19:48:22
16-Апрель эмесби..? 16-Майга 1 Ай барго бул жерде 1 апталык деп турат
0
Эльвира Караева
2020-04-12 12:08:59
ShaKe11, бул бир жыл мурда жазылган кабар... бир жыл мурда май айындагы аба-ырайы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан