Зеленский Украинанын парламентин таратты

Бүгүн, 20-майда президенттик кызматка салтанаттуу киришүү аземинде Володимир Зеленский Украинанын Жогорку радасын таратты. Мындан тышкары ал премьер-министр Володимир Гройсманга өкмөт менен отставкага кетүүнү сунуштады.

"Силер депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча жана мыйзамсыз баюу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамды кабыл алышыңарды каалайм. Коопсуздук кызматынын башчысын, башкы прокурорду жана коргоо министрин иштен бошотууну парламенттен суранам. Мен Жогорку раданын 8-чакырылышын таратууну чечтим", - деди Зеленский.

Мындан тышкары ал Украинанын өкмөтүн сынга алды. "Мен эч нерсе кыла албайбыз деген өкмөттү түшүнбөйм. Чындыкка коошпойт. Кыла аласыңар. Силер кагаз менен калем сапты алып кийинки шайлоону эмес, кийинки муундарды ойлогон адамдар үчүн орундарыңарды бошото аласыңар", - деп өкмөткө кайрылды президент.

Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы туру 31-мартта өткөн. 39 талапкер катышкан шайлоодо Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Порошенко 15,95 пайыз добуш алып 2-турга өткөн. 21-апрелде шайлоонун 2-туру өтүп, Зеленский атаандашынан дээрлик 3 эсе көп добуш топтоп уткан.

Володимир Зеленскийдин өмүр таржымалы жана саясатка келип калуусу тууралуу бул шилтемеге баш багып окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Sicilya
2019-05-20 15:06:24
Ушул куудулдан бир нерсе чыгатго
+8
Almaz75
2019-05-20 15:11:11
Ушундай баштайт,иштей турган адам.
+7
zhaku2017
2019-05-20 15:33:21
Биздин депутаттардын да кол тийгиздигин алыш керек. Эки Жээнбековтун дагы кол тийгиздигин алыш керек. Болбосо Жээнбековтор наглый болуп кетишти.
+2
Dembele84
2019-05-20 15:55:39
zhaku2017,Кол тийбестигин десен туура болчудай
+6
glaz_almaz
2019-05-20 15:45:40
Бизге жаш президент келсе онугот деген соз бар эле. Биздин жаш президент Украинага кетип калган окшойт.
+2
filis
2019-05-20 16:48:39
Биздин депутаттар кун карама. Кол тийбестигин алыш керек. Эл алдында бири да убасын аткарышкан жок Соке баш болуп.
+5
Nur777
2019-05-20 17:09:57
Бизден да кыргыз Зеленский чыкса го аттин...келип 120 ХХХХ курсакты жана пайда-батасы жок Кабминди Премьерге кошуп айдап салса кана..ака-ука,байке-жээн,кудаларды,бажаларды алардын бездельник балдарын ж.у.сыяктууларды бирден терип,ордуна илимдуу-билимдуу,эл учун куйгон инсандарды койсо дееп мечтать этип отуруп отуп кетет окшойбуз(((((
+9
shergazy9
2019-05-20 17:44:37
1000 сомго добушубузду сатсак, кылымда да чыкпайт..
+8
KaGaH
2019-05-20 18:03:00
Кудай буюрса,Жанар Акаев президент болгондо оңолобуз, иншаллах! чыгаан уулдардан уучубуз куру эмес!
-4
Shanshieva
2019-05-20 18:35:45
Жанар Акаев президент болсо олко онолот деп ишенем
-6
Kantana
2019-05-20 19:47:15
Жанар ХХХХХ болбойт кыйратпайт
+4
Bazana
2019-05-20 19:54:55
Рахматылык Эгизбаев болушу керек эле бизге.
+2
Chungyz
2019-05-20 22:55:15
Озшоруш болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан